Мектептин тарыхы
1987 –жылы айыл депутаты Пасынков Т.П. жергиликтүү активисттердин колдоосу аркылуу тактап айтканда: Краснобородько В.Я, Кашаганов М.Ч., Денисенко Л.В., Тринченко В.В., Асанов А. жана Кемин райондук аткаруу комитетинин тѳрагасы Евко Л.И. кѳмѳктѳшүүсүнүн аркасында Бело-Пикет орто мектеби түптѳлгѳн.
Бул мектептин ачылыш аземи 1989 –жылдын 1-сентябрына тиешелүү.
Мектеп 360 –окуучуга эсептелип, орус класстар ачылган, ал эми 1991 –жылдан баштап мектеп кош тилдүү билим берүүгѳ ѳтѳт, тактап айтканда азыркы учурда 1-класстан 11-класска чейин кыргыз жана орус тилдеринде окутулат.
Мектептин директору болуп 1989-2004 –жылга чейин Краснобородько В.Я. иштеген.
2004-2010 жылдары Маслакова И.Д., 2010-жылдан азыркы мезгилге чейин Койлубаев Д.М. жетектеп келүүдѳ.
12-октябрь 2010-жылы айыл тургундарынын кѳпчүлүк сунушу менен Ак-Бекет айылынын тургуну, Чүй облусундагы Кемин Районунун Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Мусакан Чыналиевич Кашагановдун үзүрлүү эмгеги, айылга кошкон чоң салымы, мектептин салынышына, андагы иштердин жүрүшүнѳ зор эмгегин жумшагандыгы бааланып, анын ысымы мектепке ыйгарылган.
5-август 2021-жылдан баштап азыркы учурда мектептин жаны Уставы боюнча мектеп М.Ч.Кашаганов атындагы Ак-Бекет жалпы билим берүү орто мектеби деп аталды.
Мектептин проблемасы:
«Акылдын ой-сезимин өздөштүрүү.»
Мектептин максаты:
«Окуучулардын билим сапатын жогорулатыш учун жекече максат коюп, инновациялык методду колдонуу.»