2023-жылдын 19- сентябрында Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар мекемесинде Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган “Жаш куткаруучу” мелдешине М.Ч Кашаганов атындагы ЖББОМнин “Пожарники”командасы катышты.Мелдештин программасында :
“Үй тапшырмасы”
“Өрт эстафетасы”
“Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү”
“Команда капитанынын сынагы”болду.
Ар бир сынакка окуучулар мыкты деңгээлде даярдык көрүшкөн.Сынактын тапшырмаларын кылдаттык менен аткарышты.Тапшырмалар абдан кызыктуу даярдалган.Окуучулар кызыгуу менен катышышты.Команданын даярдангандыгы мыкты экени көрүнүп турду. Айрыкча “Өрт эстафетасы” сынагына балдар кызыгуу менен катышып, өрт өчүрүүчү шлангды көтөрүп чуркоо балдардын ички сезимдерине жагымдуу таасир калтырды.Бул сынакты өткөрүү менен окуучулар өрт учурунда кандай иш-аракетерди аткаруу керек экендиги тууралуу кошумча маалымат ала алышты. Команда абдан жакшы даярдык көргөндүгү үчүн 1-орунду ээлешти. Окуучулар эң мыкты деңгээлде даярдык көргөндүгү үчүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы тарабынан грамота жана кубок менен сыйланышты.
Комментарии